Колл - борбор: 1209; 105

Чыгыш РЭТи эски электр зымдарды жаңы СИП-3 зымына алмаштырууда

27 Август 2024 ж.

 2024 – жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык, "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Чыгыш РЭТи 10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын жаӊы заманбап СИП зымына алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Аткарылып жаткан жумуштарБишкек шаарынын Кошойкөчөсүндөжүргүзүлүүдө. Алмаштырылып жаткан электр чубалгылардын узундугу  болжол менен 1500 м түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, өзүн-өзү обочологон СИП зымдары ар кандай табигый кубулуштарга: кардын тийишине, катуу шамалдын таасирине жана зымдарда муз пайда болгон учурда туруштук берет.СИП зымдынартыкчылыктарынынкатарына оңдоонун оңойлугу, техникалык жоготуулардын азайышы, кубаттуулукта иштөө мүмкүнчүлүгү жана тейлөө коопсуздугу кирет.

БыйылЧыгышРЭТи26 чакырымдан ашык 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын жаңы заманбап СИП зымдарга алмаштырат.

Жүрүп жаткан иштер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.