Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте 14 көмөк чордонунда жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлөт

24 Февраль 2025 ж.

  Алдыдагы 2025-2026-жж күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, ошондой эле капиталдык курулуш планына ылайык «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы төмөнкү көмөк чордондордо реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда:

- 110/10 кВ «Алтын-Казык» көмөк чордонунда 2-кезектеги курулуш иштери жүргүзүлөт, Т-1де кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору орнотулат

 - 220/110/10 «Ала-Арча» көмөк чордонуна жаӊы Ак-Ордо 110-ячейкасы куруу пландалууда

110/35/10 кВ «Кыргызская» көмөк чордонунда Т-1 трансформаторундагы 110 кВ кирме алмаштырылат

- 110/35/10 кВ «Северная» жана «Восточная» көмөк чордондорунда 35 кВ ток трансформаторлору алмаштырылат

- 35/6 кВ «Электровакуумная» көмөк чордонунда 10 кВ тышкы  бөлүштүргүчтөрү алмаштырылат

- 110/35/10 кВ «Орто-Алыш», «Көк-Жар» жана «Кыргызская» көмөк чордондорунда кубаттуулугу 25 МВА болгон эски күч трансформаторлору 40 МВА жаңы трансформаторлорго алмаштырылат. Ошентип, кубаттуулук 45 МВАга жогорулайт

- 220/110/10 кВ «Главная» көмөк чордонуна жаңы заманбап элегаз өчүргүчтөрү орнотулат

- 110/35/10 «Кант» жана «Парковая» көмөк чордондорунда эски өчүргүчтөр жаңы элегаз өчүргүчтөрүнө  алмаштырылат

- 110/35/10 «Аламүдүн» көмөк чордонунда май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөр менен алмаштырылат

- 110/35/6 кВ «Кызыл-Аскер» көмөк чордондонунда 1-фазалык кыска туташуу учурунда ток агымын чектөөчү фильтрлар коюлат

- 35/10 кВ «ДСК» көмөк чордондонунда аккумулятордук батареялар алмаштырылат.

Оңдоо иштеринин графиги Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын www.bipes.nesk.kg расмий сайтында жана “Мой свет” тиркемесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Электр энергия менен камсыздоого тиешелүү бардык суроолор боюнча абоненттер 24 саат бою иштеген Колл- борборуна  кайрылса болот: тел 105; 1209; 0772 001209, 0702 001209 жана WhatsApp номери 0556 001209.