Колл - борбор: 1209; 105

Бишкектин 10-кичи районуна жаңы трансформаторлор орнотулду

23 Октябрь 2023 ж.

  Бүгүн, 23-октябрда Чыгыш РЭТтин кызматкерлери №753 ТПнын күч трансформаторун алмаштырышты.


2023-жылга капиталдык курулуш планына ылайык, Чыгыш райондук электр тармактары  ТМ-400/6 кВА кубаттуулуктагы трансформаторду жаңы ТМГ-630/6 кВА күч трансформаторуна алмаштырышты. Ошону менен кубаттуулукту да 230 кВАга көбөйдү. Бул иштер Бишкектин 10-кичи районунда жүргүзүлдү.


Белгилей кетсек, “КУЭТ” ААК тарабынан Бишкек электр тармактар ишканасына жалпысынан 38 күч трансформатору, анын ичинен 14 трансформатор Чыгыш РЭТине берилген. 


Энергетиктер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүп жатышат.