Колл - борбор: 1209; 105

2023-жылы Тейлөө борборуна 155 миңден ашык керектөөчү кайрылган болчу

18 Январь 2024 ж.

Бишкек шаары боюнча Тейлөө борбору "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Тейлөө борбору Бишкек шаары боюнча 278 миңден ашык абонентти тейлейт. Алардын ичинен 258 232 тиричилик абоненттери жана 19 972 пром.абоненттер.

2023-жылы тейлөө секторуна 155 406 керектөөчү кайрылган болчу.Тейлөө борборунда 11 кызматкер эмгектенет.

Тейлөө борборунда электр энергиясына болгон карызыңызды билип, төлөй алсаңыздар болот. Ошондой эле электр энергия боюнча суроолор менен кайрылсаңыздар да болот.

Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 70-а.