Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы электр тармактарын кыш-күз мезгилге даярдоодо.

4 Август 2023 ж.

Бишкек электр тармактар ишканасы электр тармактарын кыш-күз мезгилге даярдоодо. Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо максатында Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан электр тармактарын оңдоо, реконструкциялоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. 2023-жылга капиталдык курулуш планына ылайык, «Чыгыш РЭТнин» жамааты №369 трансформатордук көмөкчордондун шкафын алмаштырууда. б.а. трансформатордук подстанциянын кубаттуулугу жогорулады. Эски ГКТП 400 кВА шкафы 1981-жылы ишке киргизилген. Белгилей кетсек, бул иштер Бишкек шаарынын Ахунбаев-Малдыбаев көчөсүндөгү Ата-Түрк паркынын аймагында жашаган керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы трансформатордук көмөкчордондордун 22 шкафын алмаштыруу пландалууда. Кошумчалай кетсек, Бишкек ЭТИ Орозбеков-Түгөлбой ата көчөсүн бойлой 10 кВ кабелдик линиясын №.120 ТСдан ТС №.3359га чейин реконструкциялоодо. Кабелдик линиянын узундугу 500 метрден ашык. Белгилей кетсек, азыркы эски кабель 1976-жылы пайдаланууга берилген. 185 мм² кесилиштеги жаңы 10 кВ кабелдик линия эски линиясынан эки эсе чоң - 95 мм² болуп, кабелдик өткөрүмдүүлүктү жогорулатат. Аткарылган иштер темир жол станциясынын, Орозбеков-Түгөлбой көчөсүнүн Ата-Чуйков-Панфилов көчөсүнүн аймагында жашаган керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатат.