Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында кезектеги техника тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.

8 Август 2023 ж.

Министри Таалайбек Ибраев: Быйылкы жылдын эсебинен Электр тармактар ишканаларына үчүнчү ирээт техника тапшырып жатабыз Бүгүн, 2023-жылдын 8-августунда Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында кезектеги техника тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалдарына 11 жаңы атайын техника тапшырды. Бул атайын техникалар 2023-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган 5 дана манипулятор краны жана 6 дана ыкчам бригадалык атайын автоунаанын жалпы суммасы 46 468 000 сомду түздү. Татаал шарттагы жумуштарды тейлөөгө ылайыкташтырылып алынган атайын автоунаалар 7 облустагы алыскы, тоолуу РЭТтерге бөлүштүрүлүп берилди. Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техниканы тапшырып жатып, энергетиктердин аткарып жаткан иштери алдыга жылышы үчүн аларга керектүү баардык шарттарды түзүп берүү жетекчиликтин милдети экенине токтолду. Муну менен катар министр алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин мойнундагы жоопкерчилик экенин баса белгиледи. Андан тышкары атайын техникаларды алган электр тармактар ишканасынын жетекчилерине техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды. "Урматтуу кесиптештер! Өзүңүздөр билгендей буга чейин биз жыл башынан бери эки жолу атайын техникаларды тапшырганбыз. Ал эми бүгүн үчүнчү ирээт техника тапшыруу аземинде турабыз. Бул техниканын баардыкы энергетика тармагындагы кошумча кирешеден түшкөн каражаттын эсебинен алынды. Энергетика тармагындагы жумуштардын алдыга жылышы үчүн ага шарт керек. Шартты жетекчилик түзүп берүүгө милдеттүү. Биз дагы колдон келишинче керектүү техника, жабдуулар менен камсыз кылып жатабыз. Мурунку жылдарга салыштырмалуу, техника жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо жагынан быйыл алдыдабыз. Бүгүнкү алынган техникалар 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын бири. Калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин мойнундагы жоопкерчилик экенин унутпаңыздар. Бүгүнкү алган техникаңар кут болсун. Эл үчүн тынымсыз кызмат кылсын" - деди министр Иш-чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков, Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, кызматтык түзүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана РЭТ жетекчилери катышты.