Колл - борбор: 1209; 105

5-март Ак калпак күнү

5 Март 2024 ж.

Ак калпагы кыргыздын,

Жарчысы бол достуктун.

Ак калпагы кыргыздын,

Элчиси бол тынчтыктын.

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат.

“Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы бүгүнкү Ак калпак күнү майрамыңыздар менен куттуктайт!