Колл - борбор: 1209; 105

2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Батыш РЭТи 78 даана трансформаторду оӊдоп-түзөөдөн өткөруштү…

5 Август 2024 ж.

Энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында "КУЭТ" ААКтын Бишкек ЭТИ филиалынын Батыш РЭТинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Оңдоо иштеринин планына ылайык, Батыш РЭТи 78 трансформаторду жана 21 чакырымдан ашык аба чубалгыларын оңдоодон өткөрдү.

Быйылкы жылдын 6 ай ичинде Батыш РЭТи заманбап СИП-3 зымдарын колдонуп, 570 м аба чубалгыларын куруу иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары 22 даана шкаф ШТККЧ (шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон) орнотулат жана 10 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөрү вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылат.

Ошондой эле, үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоону жогорулатуу максатында кызматкерлер техникалык тейлөөдөн:

- 478 трансформаторду,

- 460 км аба чубалгыны,

- 164 км кабелдик чубалгыны өткөрдү.

Бүгүн, 5-августа Батыш РЭТтин кызматкерлери №3169 көмөк чордонунда капиталдык оӊдоо иштерин өткөрүүдө. Алсак, эски ВН-16 жүктөм өчүргүчтөрүн жаӊы ВНА 10-630га алмаштырышат. Ошондой эле трансформатордун майын алмаштырып, сырдоо иштерин жүргүзүшөт.

Бишкек электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Бишкек электр тармактарынын официалдуу сайтында www.binesk.kg жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.