Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы аба чыбалгыларга жана электр жабдууларына пландуу тепловизиондук көзөмөл жүргүзүүдө

23 Январь 2024 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасынын изоляция жана чыӊалуудан коргоонун жергилитүү кызматынын адистери жогорку чыӊалуудагы тармактардын кызматы менен бирге аба чыбалгыларга жана электр жабдууларына пландуу тепловизиондук көзөмөл жүргүзүүдө.

Бүгүн, 22-январда 110 кВ жогорку чыӊалуудагы "Главная-Кызыл - Аскер I-II» аба чубалгысында атайын тепловизор-инфракызыл камеранын жардамы менен электр жабдууларын тепловизиондук текшерүү жүргүзүлдү. Бул аспаптын жардамы менен адистер аба чубалгыларындагы жана көмөкчордондордун жабдууларындагы дефектерди өз убагында аныктай алышат.

- Жабдуулардын тепловизиондук көзөмөлү контакттык бирикмелердин ысып кетүүсүн эрте диагностикалоо жана андан аркы авариянын алдын алуу үчүн жүргүзүлөт, дефектерди эң алгачкы этаптарында аныктоого болот, - изоляция жана чыӊалуудан коргоонун жергилитүү кызматынын инженери Эсенгул улуу Кудайберди айтып берди.