«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын темир конструкциялоо цехи электр жабдууларын монтаждоо иштеринде андан ары колдонуу үчүн металл буюмдарын чыгарат. Бардык буюмдар катуу көзөмөл астында атайын шаймандар менен өндүрүлөт жана берилген стандарттарга жооп берет.
2024-жылдын 10 айдын ичинде темир конструкцияларцехиөз күчү менен 1910 даана траверс, 52 даана ГКТП жана 29 даана КТП шкафын чыгарган.
Мындан тышкары, адистер трансформаторду коргоо үчүн 451 даана жана кабелдик линиялар үчүн 283 даана корпустарды өндүрүү боюнча иштерди аткарышты.
Белгилей кетсек, металл конструкциялар цехи темир буюмдарды Бишкек жана Чүй ЭТИне чыгарат.
Өз күчү менен темир жабдыктарын жасоо менен биз ишкананын бюджетин да үнөмдөйбүз.