Чыгыш РЭТи 15 трансформаторду алмаштырат

17 Апрель 2024 ж.

2024 – жылдын иш планына ылайык "КУЭТ" ААКтын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасынын Чыгыш РЭТи 104 трансформаторду оңдоп, 15 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатып, 10 даана комплектүү көмөк чордондордун шкафтарын алмаштырат..

Мындан тышкары, Чыгыш РЭТинде 574 трансформаторлор, 10/06/0,4 кВ чыңалуудагы 530 км аба чубалгылары жана 613 км кабелдик чубалгылары техникалык тейлөөдөн өтөт..

Ошондой эле, быйыл 3 чакырым кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо жана 3,1 чакырымдан ашык аба чубалгыларын заманбап СИП-3 зымына алмаштыруу иштери пландаштырылууда..

Белгилей кетсек, аткарыла турган иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.