Чыгыш РЭТи 113 трансформатордук көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрөт
2 Март 2026 ж.
Энергетика министрлиги 2026-жылга карата тармакты өнүктүрүүгө, эскирген жабдууларды жаңылоого жана кубаттуулукту жогорулатууга багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттерди аныктады.
Бул пландарды ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, Бишкек шаарында быйыл энергетикалык инфраструктура объектилерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык оңдоп-түзөө жана модернизациялоо боюнча кеңири масштабдагы иштер аткарылат.
2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде «НЭСК» ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан пландуу оңдоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Чыгыш райондук электр тармактарынын кызматкерлери иштерди бекитилген планга ылайык жүргүзүшөт. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын март айынан ноябрь айына чейин аткарылат.
Тактап айтканда, төмөнкү иштер каралган:
• 113 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү;
• 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 51 чакырымдан ашык аба чубалгыларын капиталдык оңдоо;
• 6 кВ чыңалуудагы 5 чакырым аба чубалгысын СИП-3 зымдарына алмаштыруу;
• 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 2 чакырымдан ашык кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо;
• 25 трансформаторду кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштыруу;
• 2 даана ШТККЧ (шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон) орнотуу.
Мындан тышкары, быйыл Чыгыш РЭТтин кызматкерлери 575 трансформаторду жана 560 чакырым аба чубалгыларын кезектеги оңдоодон өткөрүшөт.
Аталган иш-чараларды каржылоо «КУЭТ» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Аткарылган иштер электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга, авариялык кырдаалдардын санын азайтууга жана күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөм маалында керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.