Колл - борбор: 1209; 105

Быйыл Чыгыш РЭТи 111 трансформаторун капиталдык оңдоодон өткөрөт

21 Апрель 2025 ж.

 

  2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине электр жабдууларын даярдоонун максаиында “КУЭТ” АККтын филиалы  Бишкек электр тармактар ишканасынын Чыгыш РЭТи электр жабдууларында оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Алсак, энергетиктер оңдоо иштеринин планына ылайык 111 трансформаторду жана 78 чакырымдан ашык 10-6 /0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүшөт.

2025-жылы Чыгыш РЭТи боюнча 3,8 чакырымдан ашык эскирген 0,4 кВ чыӊалуудагы алюминий зымдарын заманбап СИП-2 зымдарына жана 7,8 чакырым  6 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын СИП-3 зымдарына алмаштыруу пландаштырылууда. Ошондой эле, энергетиктер 5 чакырымдан ашык кабелдик чубалгыларында реконструкциялоо иштерин жүргүзүшөт.

Мындан тышкары 21 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштыруу жана 1 даана кошумча трансформатор орнтоуу иштери пландаштырылган. Ошону менен бирге Чыгыш РЭТтин кызматкерлери 5 даана шкаф ШТККЧ (шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон) орнотушат.

2025-жылы адистер 635 трансформаторду жана 548,3 чакырым   аба чубалгыларын кезектеги оӊдоо иштеринен өткөрүшөт.

Бишкек электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштарынын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр ишкананын официалдуу сайтында www.bipes.nesk.kg жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемесине билдирүүлөр келет.