Чыгыш райондук электр тармактар ишканасы тарабынан күз-кыш мезгилине карата 113 трансформатордук көмөкчордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
13 Апрель 2026 ж.
Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен электр тармактарын жаңылоо боюнча март айынан ноябрь айына чейин бекитилген планга ылайык, приоритеттүү участокторду жана жабдуулардын техникалык абалын эске алуу менен жүргүзүлө турган ири иштер башталды. Бул иштер электр энергиясына каралган тарифтик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт, бул эскирген инфраструктураны этап-этабы менен жаңылоого мүмкүндүк берет.
Анын алкагында Чыгыш райондук электр тармактары тарабынан быйыл бир катар иштер аткарылат. Атап айтсак:
— 113 трансформатордук көмөкчордон;
— 6–10/0,4 кВ чыңалуусундагы 51 км аба электр берүү чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Аткарылган иштердин жыйынтыгында электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана борбор калаанын энергосистемасынын туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, ири көлөмдө учурдагы оңдоо иштери аткарылат:
— 575 трансформатор;
— 560 км аба электр берүү чубалгылары.
Бул чаралар жүктөмдү туура бөлүштүрүүгө, ашыкча жүктөлүүнүн тобокелдигин азайтууга жана жогорку керектөө мезгилинде технологиялык бузулууларды минималдаштырууга шарт түзөт.
Оңдоо кампаниясынын алкагында төмөнкү иштер каралган:
• 51 кмден ашык аба электр берүү чубалгылары жаңыланат;
• 6 кВ чыңалуусундагы 13,5 км линиялар өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымга (СИП-3) алмаштырылат;
• 2 кмден ашык кабелдик линиялар реконструкцияланат;
• 25 трансформатор кубаттуулугу жогору жабдууларга алмаштырылат;
• 6 даана комплекттик трансформатордук көмөкчордондор (ГКТП) орнотулат.
Ошондой эле авариялуулукту азайтууга жана тармактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган заманбап техникалык чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында:
— электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгү жогорулайт;
— авариялык өчүрүүлөрдүн саны кыскарат;
— электр энергиясынын сапаты жакшырат;
— жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу электр менен камсыздоо камсыздалат.