Энергетика тармагынсанариптештирүүнүналкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "КУЭТ" ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы 2025-жылы 28 000 “акылдуу” эсептегичтерди (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотууну пландаштырган.
Бүгүнкүкүндө, "Ак-Ордо" жаӊы конушунда 4 560 жана Төмөнкү Ала-Арча айылында 3 316 даана “акылдуу” эсептегичтерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын негизинде Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн райондук электр тармагынын 16 500 абоненттери Бишкек электр тармактар ишканасына которуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу менен керектөөчүлөрдү тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу, керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүү менен кийин күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Бишкек шаарында "акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери 2012-жылы башталган. Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 136 064 “акылдуу” эсептегичтер орнотулган. Алардын ичинен 86 180 бир фазалуу жана 49 884 үч фазалуу эсептегичтер.