Колл - борбор: 1209; 105

«Алга элим» жаӊы конушуна заманбап АСКУЭ «акылдуу» эсептегичтер орнотулууда…

2 Август 2024 ж.

«Алга элим» жаңы конушунун тургундары электр чубалгыларды, трансформаторду, мамыларды «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишкананын балансына өткөруп беришти. Ошондой эле, ар бир тургуну  менен келишим түзүлүп, АСКУЭ «акылдуу» эсептегичтер орнотулуп жатат.

Айта кетсек, мурун «Алга элим» жаӊы конушунун жашоочулары пайдаланган электр энергиясына трансформатордо жайгашкан башкы эсептегич менен төлөм жүргүзүп келген, бул көп ыңгайсыздыктарды жаратчу.

Бүгүнкү күндө, 400 дөн ашуун кардарлардын 258не АСКУЭ эсептегичтер орнотулду. Калган эсептегичтер эки жуманын ичинде орнотулуп бүтөт.

Кардарлар энергетиктерге ыраазычылыгын билдирип, ишине ийгилик каалап кетишти.