Колл - борбор: 1209; 105

Жаңы жылды карызсыз тосуңуз!

25 Декабрь 2024 ж.

 

"КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы 2025-жыл менен куттуктайт жана бардык абоненттерди оңдоо кампаниясын өткөрүү мезгилинде түшүнүү менен кабыл алуу үчүн, керектелген электр энергиясына өз убагында төлөгөндүгү жана болуп жаткан өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Жаңы жылда жана майрам күндөрү электр энергиясыз калбоо үчүн абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырабыз.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча электр энергия сатуу кызматынын кассалары 28-29-декабрь дем алыш күндөрү дагы саат 08:00дөн 16:00гө чейин иштейт.

Ар бир үйдө жарык, жылуулук

болсун