Колл - борбор: 1209; 105

Учкун кичи районунда эски кабелдик чубалгылар жаңысына алмаштырылууда

21 Октябрь 2024 ж.

 Реконструкциялоо планынын негизинде "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы 10 кВ чыӊалуудагы  кабелдик чубалгыны жаңысына алмаштырууда. Реконструкциялоо иштери Учкун кичи районунда жүргүзүлүүдө.

2024-жылга карата Бишкек шаары боюнча 15,1 чакырым  кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо иштери пландалган, анын ичинен Учкун кичи районунда 1 чакырым кабель алмаштыруу иштери  жүргүзүлөт.  Учурда Учкун кичи районунда 750 м кабель алмаштырылды,  жуманын аягына чейин дагы 250 м алмаштыруу пландалууда.

Эски кабелдик чубалгы 2001-жылы ишке киргизилген болчу. Эски кабелдин кесилиши 3*120 мм2  түзгөн. Ал эми жаңы кабелдин кесилиши 3*185 мм2 болуп, кабелдин өткөрүү жөндөмдүүлүгү дагы жогорулады.

Кабелдик чубалгыны реконструкциялоо иштери ушул райондо жашаган керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

 Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Бишкек электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://bipes.nesk.kg/ky/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 1209, 105, 0772001209, 0702001209 жана  Ватсап 0556001209 номерлерине кайрылсаңыз болот.