Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ «Мурас» көмөк чордонунун ачылыш аземи болуп өттү
1 Октябрь 2025 ж.
Бүгүн, 2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ «Мурас» көмөк чордонунун ачты.
Көмөк чордондун ишке кириши, учурдагы «Ново-Южная», «Арча-Бешик» жана «Пиковая Котельная» көмөк чордондорду жеңилдетип, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга шарт түзөт.
Жаңы «Мурас» көмөк чордону шаардын түштүк-батыш аймагындагы турак массивдерди, социалдык объекттерди жана инфраструктураны туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат.
Бул көмөк чордонду куруунун бирден-бир максаты – Бишкекте курулуп жаткан “Мурас” стадионду, жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдү, Евразия балдар көңүл ачуу паркы жана жаңы салынып жаткан бизнес-борборлорду электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алдын ала жүргүзүлгөн даярдык иштеринин бири.
Аталаган көмөк чордонкуруу иштери «Кыргызстан улуттук электр тарманы» ААК тарабынан каржыланып, Бишкек ЭТИ 110/10 кВ «Мурас» көмөк чордонун курууну ишке ашырды.
Министр борбордун энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө бул объекттин маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
«Бүгүн биз Бишкекте “Мурас” жогорку чыңалуудагы көмөк чордонун ишке киргизип жатабыз. Бул дагы энергетика тармагынданы чоң жетишкендик. Биз энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча ири программаны ишке ашырып жатабыз: жаңы объектилер курулууда, ири ГЭСтер реконструкцияланууда, чакан ГЭСтер курулууда, эскирген жабдуулар жаңыланууда. Мунун баардыгы энергетиктердин эмгеги. Бул үчүн ыраазычылык билдирем.
Керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын өсүп жатат. Жыл сайын жүздөн ашык обьектилер ишке кирүүдө. Анын баардыгын электр энергиясы менен камсыз кылуу, алдыбызда өлкөнүн энергия системасын чыңдоо жана анын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө негиз түзүү биздин милдет.
Ал эми бүгүнкү ишке кирген көмөк чордон дагы калкты электр энергиясы менен камсыз кылууга чоң өбөлгө түзөт. Андыктан баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик каалайм», — деди министр Т. Ибраев.
Аталган иш-чарага Энергетика министри Т.Ибарев, “Кыргызстан УЭТнин Директорлор кеңешинин төрагасы А.Турдубаев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Сыдыгаелиев Ильгиз, Бишкек ЭТИнин башка директору А. Паизов жана энергетиктер катышты.
Маалымат катары: «Мурас» көмөк чордону шаардын түштүк-батыш тарабында 50 соток жер тилкесинде, «Мурас» футбол стадионуна жана Мамлекеттик ипотека программасы боюнча курулган турак үйлөргө жакын жайгашкан.
Объектке орнотулган жабдуулар:
* кубаттуулугу 40 000 кВА болгон күч трансформатору;
* 110 кВ элегаз өчүргүчтөрү;
* 110 кВ ажыраткычтар;
* сыртта орнотулган 10 кВ комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөр