Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен энергетика тармагындагы реформанын жана санариптештирүүнүн алкагында Бишкек электр тармактар ишканасы — «КУЭТ» ААКнын филиалы тарабынан АСКУЭ — электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун эсептегичтери орнотулууда.
АСКУЭ эсептегичтерин орнотуунун негизги максаты — электр энергиясын бөлүштүрүүнү натыйжалуу жүргүзүү, көзөмөлдү күчөтүү жана керектөөнү так эсепке алуу.
2025-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын райондорунда жалпысынан 28 000 акылдуу эсептегич орнотулду.
Анын ичинде:
• Ленин району — 9 140 даана
• Свердлов району — 4 659 даана
• Биринчи Май району — 11 742 даана
• Октябрь району — 2 374 даана
Мындан тышкары, 2026-жылы 42 000 акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.
Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:
• көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет;
• керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
• дебитордук карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра күйгүзөт;
• эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети аныкталганда дароо кабар берет;
• жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтып, контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына болгон муктаждыкты кыскартуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.
Электр энергиясына байланышкан бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылсаңыз болот: 105, 0772 001 209, 0556 001 209 (WhatsApp), 0702 001 209