Колл - борбор: 105

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасында 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын мамлекеттик программасынын алкагында антикоррупциялык иш-чара өткөрүлдү.

26 Май 2026 ж.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге кызматтык этиканы сактоо, ачык-айкындуулук принциптерин кармануу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда акча каражаттарын, белектерди, подарка пакеттерди жана башка материалдык баалуулуктарды ыраазычылык катары кабыл алууга жол берилбестиги эскертилди.
Мындай иш-чаралар кызматкерлер арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, жоопкерчиликти жогорулатууга жана калктын ишенимин бекемдөөгө багытталган.