Колл - борбор: 1209; 105

Энергетиктердин кесиптик күнүнө жана Кыргыз Энергетикасынын 90 жылдыгына карата кичи футбол боюнча турнир өттү

24 Декабрь 2024 ж.

Спорт - бул ден соолук жана узак өмүр!

«КУЭТ» ААКтын филиалы  Бишкек электр тармактар ишканасында Энергетиктердин кесиптик күнүнө жана Кыргыз Энергетикасынын 90 жылдыгына карата кызматкерлердин арасында кичи футбол боюнча турнир өттү. Турнирге Бишкек ЭТИнин бөлумдөрүнүн, кызматтарынын, РЭТтердин командалары катышты.

Жыйынтыгында орундар төмөндөгүдөй бөлүндү

1 - орун –МССДТУ жана МСИЗПИ;

2- орун –Батыш РЭТи;

3 - орун -МСРЗА.

 

Оюн жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн оюнчулар да унутта калган жок.

"Мыкты оюнчу" – Казыбек уулу Ислам;

"Мыкты коргоочу" – Жеӊишов Бек;

"Мыкты дарбазачы" – Султангазиев Тлимбек.

 

Ошондой эле, Бишкек электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк кызматтарынын жана райондук электр тармактарынын жетекчилердин арасында кичи футбол боюнча достук мелдеши өттү.

Жеңүүчү командалар кубок жана профсоюз тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

 Мындай мелдештердин өтүшү энергетиктердин ортосундагы ынтымакты бекемдеп, бири-бири менен жакындан таанышууга, тажрыйба алмашуу өбөлгө түзөт.