Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында авто паркы жаңыланып, 4 атайын техника тапшырылды…

2 Август 2024 ж.

 
 
 Бүгүн, 2-августа Бишкек электр тармактар ишканасынын базазында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан Бишкек ЭТИне берилген атайын техниканы тапшыруу аземи болду.
 
 Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов бөлүнгөн 4 даана атайын унаалардын ачкычтарын тапшырды:
 
-1 даана кран-манипулятор;
-1 даана автокран;
-2 даана автовышка.
Тапшырып жатып директор Азамат Паизов жаӊы техникаларды сарамжал пайдалануу менен керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого болгон аракеттерди көрүүгө чакырып кетти.
 
Айта кетсек, жылдын башынан жалпысынан “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан Бишкек электр тармактар ишканасына 10 даана техника берилген.