Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында оңдоп-түзөө иштери башталды

10 Март 2025 ж.

 

Жаздын башталышы менен энергетиктер алдыдагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо боюнча күчөтүлгөн иштерди башташат. Күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы боюнча 2025-жылга карата «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын оңдоо иштеринин планына ишенимдүү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн керектүү материалдар жана иш-чаралар киргизилген.

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу үчүн быйыл ишкана 174,5  км аба чубалгыларын капиталдык оӊдоодон өткөрөт жана 2740 км аба чыбалгыларында техникалык тейлөө иштерин жүргүзөт. 

2025-ж. реконструкциялоо жана капиталдык оӊдоо планынын негизинде Бишкекте 21 комплектүү трансформатордук көмөкчордонду жана 26 (ГКТП) шкафтары алмаштырат.

Ошондой эле Бишкек электр тармактар ишканасы 890,5 км кабелдик чубалгыларын оңдоп жана 1917  комплект трансформатордук көмөкчордондорду учурдагы оңдоо иштерин жүргүзөт.

Мындан тышкары ишкана 6-10/0,4 кВ  чыӊалуусундагы 6,14 км кабелдик чубалгыларын жана 35,8 км аба чубалгыларын өзүн өзү кармап туруучу зымдарды (СИП) колдонуу менен реконструкциялоону пландаштырган.

Бишкек электр тармактар ишканасы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүндүгүн эскертет жана керектөөчүлөрдөн жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Оңдоо иштеринин графиги Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын www.bipes.nesk.kg расмий сайтында жана “Мой свет” тиркемесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Электр энергия менен камсыздоого тиешелүү бардык суроолор боюнча абоненттер 24 саат бою иштеген Колл- борборуна  кайрылса болот: тел 105; 1209; 0772 001209, 0702 001209 жана WhatsApp номери 0556 001209.