Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында кезектеги кызматкерлер менен иштөө күнү болуп өттү

10 Октябрь 2023 ж.


Ар бир айдын шейшенби күнү ишкананын бардык кызматкерлери менен иштөө күнү болуп турат. Белгилүү болгондой бул күнү, авариялык учурлардан тышкары бардык кызматкерлер линияда иш алып барышпайт. Кызматкерлер менен иштөө күнү коопсуздук эрежелери, өрткө каршы чара көрүү боюнча окууларды өткөрүшөт. Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын адистери окуулардын өтүшүн, интруктаждардын сапаттуу жүрүшүн көзөмөлдөп турушат.


Бүгүн Түндүк РЭТинде медицина кызматкерлери жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча инструктаж өткөрүштү, анда кызматкерлерге ар кандай жаракат алган учурда жардам көрсөтүү ыкмалары көрсөтүлдү.


Андан кийин ӨКМ кызматкерлеринин катышуусунда өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү. Кызматкерлер өрттү жана ысык чекиттерди өчүрүүдө өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.


Ар бир түзүмдүк бөлүмдө кызматкерлер менен иштөө күнүнүн жыйынтыгы инструктаждардын, авариялык жана өрткө каршы машыгуулардын журналдарына катталат.