Колл - борбор: 105

Бишкек электр тармактар ишканасында Энергетиктердин кесиптик күнү белгиленди

22 Декабрь 2025 ж.

Бүгүн Бишкек электр тармактар ишканасынын жыйын залында энергетиктердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү:
«Быйыл биздин ишканабыз оңдоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо багытында бир топ иштерди аткарды. Анын ичинде жогорку чыңалуудагы 1 жаңы подстанция курулуп, ишке киргизилди, күч трансформаторлору алмаштырылды, жаңы электр жабдуулары орнотулду. Бул иштер сиздердин биримдигиңиздердин, так иш алып барганыңыздардын жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин жыйынтыгы. Ар дайым ишенимдүү иштеп, алдыга коюлган милдеттерди коопсуз жана сапаттуу аткарууну каалайм».
Бишкек электр тармактар ишканасынын башкы инженери Улукбек Рысбеков өз куттуктоосунда төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Энергетика тармагындагы туруктуулук — күн сайын аткарылган так жана үзгүлтүксүз эмгектин жыйынтыгы. Ар бир кызматкердин кесипкөйлүгү жана тартипти сакташы жалпы жыйынтыкка түздөн-түз таасир этет. Баарыңыздарга коопсуз эмгек, ишенимдүү командалык иш жана кесиптик өсүш каалайм».
Ошондой эле ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.