Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме өттү

27 Январь 2025 ж.

 

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК филиалынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жыйындар залындакоррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кеңешме өттү. Жыйынгаишкананын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн  кызматкерлери  катышты.

Чогулуштун катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгүндө жазык мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөр жеткиликтүү формада түшүндүрүлдү.