Бүгүн, 12 – ноябрда "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарында биринчи бөлүмдүн башчысы Байыш Раимкулов, юрист Нарынбек уулу Максатбек коррупцияга каршы саясатты калыптандыруу жана кесиптик этиканын негиздери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Катышуучуларга стратегиялык жана аналитикалык ыкмаларды жана коррупцияга жол бербөө маданиятын калыптандырууну камтыган коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти. Коррупция концепциясын туруктуу түшүнүүнү калыптандыруу, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында коррупциянын маңызы, себептери, коррупцияга каршы туруунун укуктук жана институттук түзүүчүлөрү деген түшүнүктөр берилди.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, ошондой эле "КУЭТ" ААКтын 30.10.2024-ж. №600 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" буйругуна жана 2023-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планына ылайык өткөрүлгөн.