Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында өрт коопсуздугу боюнча машыгуулар өткөрүлдү

9 Октябрь 2024 ж.

 

Бүгүн, 8-октябрда, «КУЭТ» филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын аймагында өрт коопсуздугу боюнча машыгуулар өткөрүлдү

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен Бишкек электр тармактар ишканасынын оперативдүү-диспетчердик кызматынын биргелешкен аракеттери менен уюштурулду.

Машыгуу учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана оперативдүү-диспетчердик кызматы биргеликте көмөк чордондо өрт чыккан учурда жасалуучу иш-аракеттерди көрсөтүштү. Ошондой эле, өрт өчүрүү каражаттары жана аларды колдонуу тартиби практикалык түрдө түшүндүрүлдү.

Бул машыгуулар Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин өрт коопсуздугу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында уюштурулганын белгилей кетүү керек.