Иш-чаранын алкагында Central Asia Runcheng Investment & Consulting Limited компаниясынын өкүлдөрү энергетикалык объектилердин коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган заманбап технологиялык чечимдерди тааныштырышты.
Презентациянын жүрүшүндө интеллектуалдык кулпулардын жана санариптик көзөмөлдөө системаларынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, алардын объектилерге кирүүнү көзөмөлдөөдө, алыстан мониторинг жүргүзүүдө жана жабдуулардын коопсуздугун камсыздоодогу артыкчылыктары белгиленди.
Мындай инновациялык чечимдерди ишке киргизүү энергетика тармагын санариптештирүүгө, өндүрүштүк объектилердин коопсуздугун күчөтүүгө жана тармактын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.