Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ​​ишканасында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү

24 Ноябрь 2023 ж.

Бүгүн, 24-ноябрда, Бишкек электр тармактар ишканасында "Кыргызстан улуттук электр тармагы"ААКнын Директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынга директорлор Кеңешинин мүчөлөрү, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, филиалдын дирекциясы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана РЭТтердин башчылары катышты.
 
 Жыйынды Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов ачып, 2023-2024-жылдарга күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо жөнүндө отчёт берди.
 
 Андан соң директорлор Кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев сөз сүйлөп, директорлор Кеңеши "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын бардык филиалдарына күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана орун алган маселелерди ыкчам чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу үчүн баргандыгын белгиледи. "Энергетиктер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүшү керек, ал эми штаттан тышкаркы кырдаалдар болгон учурда калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүшү керек", – деди ал.
 
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков мындай деп белгиледи: "Быйыл каражаттын көпчүлүк бөлүгү компаниянын бардык филиалдары үчүн атайын техникаларды, трансформаторлорду жана жаңы жабдууларды сатып алууга жумшалды. Эми филиалдар жоготууларды жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча ишти күчөтүүсү зарыл".
 
Отурумдун жыйынтыгында Атантай Турдубаев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсына райондук электр тармактарына бригадалык автоунаалар, атайын техникалар менен камсыз кылуу боюнча маселелерди кароону, ошондой эле кадрлардын көп алмашуусуна байланыштуу кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.