Бүгүн, 8-апрелде "КУЭТ" ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте өрткө каршы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чараны Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов ачып, электр орнотмолорунда өрт коопсуздугунун эрежелерин жана өрт коопсуздугу боюнча нускамаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өрткө каршы машыгуулар Бишкек электр тармактар ишканасынын ыкчам-диспетчердик кызматы тарабынан уюштурулган. Машыгуулар учурунда кызматкерлер үчүн өрт өчүрүүчү каражаттар жана аларды колдонуу тартиби