«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында өндүрүштө электр жаракаттарын (электротравматизм) алдын алуу боюнча Кызматкерлер менен иштөө күнү өттү. Иш-чарага жетекчилик, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, өндүрүштүк-техникалык персоналы катышты.
Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов өз сөзүндө электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды: «Азыркы учурда күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү максатында оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Электрдик жаракатты алдын алуу максатында кызматкрелер өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга милдеттүү».
Андан кийин башкы инженер Улукбек Рысбеков эмгек жана коопсуздук эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү, убагында инструктаждан өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкек электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Уланбек Нурманбетов техникалык коопсуздук эрежелерин (ПТБ, ПТЭ, ППБ) сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) туура пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле техникалык документтерди туура толтуруу жана жүргүзүү маанилүү. Оперативдүү журналдарды толтуруу бекитилген стандартка ылайык жүргүзүлүшү керек.
Бул иш-чаранын негизги максаты – электр тармактарында иш алып барган кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктын алдын алуу болуп саналат.