Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен кезектеги иш күнү өтүп жатат

13 Май 2025 ж.

  

 Бүгүн, 13-майда, "КУЭТ" ААКнын филиалы  Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иш күнү өтүп жатат. Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматы өндүрүштүк кызматтарда, РЭТтерде кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышты.

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Улан Нурманбетов  өндүрүштүк кызматтарындагы кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышты. Ал кызматкерлерге кызматтык нускамаларды, коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо зарылдыгын айтып берди.

Эскерте кетсек, кызматкерлер менен иштөө күнү ар айдын экинчи шейшембисинде өткөрүлөт. Бул күнү кызматкерлер өзгөчө кырдаалдардан башка бардык жумуштарды аткаруудан бошотулат.