Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында 9 айдын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү

26 Октябрь 2023 ж.

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек ЭТИнин жыйын залында "КУЭТ" ААКнын филиалынын директору - Бишкек электр тармактар ишканасынын директору А.М. Паизовдун жетекчилиги алдында пландык кеңешме болуп өттү. Жыйынга ишкананын дирекциясы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.


 Жыйында оңдоо жана капиталдык курулуш боюнча 9 айдагы пландын аткарылышынын жыйынтыктары жана электр энергияны сатуу боюнча маселелер каралды. Кызматтардын башчылары презентацияларды көрсөтүп, , кышка даярдыктар боюнча маалымат беришти. Ошондой эле жолугушууда 2024-жылга карата алдын ала пландар талкууланды.


 Жыйында Бишкек ЭТИнин директору Азамат Паизов кызматтарга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүүнү жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерине кирүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды: "Биздин башкы милдет – керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондуктан күз-кыш мезгилинен өтүүгө жабдууларды өз убагында даярдоого жоопкерчилик менен мамиле кылуу, ошондой эле энергия үнөмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл".


 9 айдын жыйынты боюнча айрым жетекчилерине болгон кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.