Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте 90 чакырымдан ашык эски зымдар жаңы СИП-зымдарга алмаштырылат

12 Май 2025 ж.

Бишкекте 90 чакырымдан ашык эски зымдар жаңы СИП-зымдарга алмаштырылат 

Керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы эски алюминий зымдарды заманбап СИП-зымдарына алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. 

2025-жылга карата Бишкек шаарында 90 чакырымдан ашык 0,4 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын СИП-2 зымдарына алмаштыруу жана 17,8 чакырымдан ашык 10 кВ чыӊалуусундагы аба чубалгыларын СИП-3 маркасындагы зымдарына алмаштыруу иштери пландаштырлырган. 

Бүгүнкү күндө энергетиктер 40 чакырымдан ашык аба электр чубалгыларын жаңы СИП-2 зымдарына алмаштырышты.

Белгилей кетсек, өзүн-өзү обочологон СИП зымдары ар кандай табигый кубулуштарга: кардын тийишине, катуу шамалдын таасирине жана зымдарда муз пайда болгон учурда туруштук берет.СИП зымдынартыкчылыктарынынкатарына оңдоонун оңойлугу, техникалык жоготуулардын азайышы, кубаттуулукта иштөө мүмкүнчүлүгү жана тейлөө коопсуздугу кирет.

Оңдоо иштеринин графиги Бишкек электр тармактар ишканасынын www. https://bipes.nesk.kg/ru/ сайтында жана “Мой свет” тиркемесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз 
Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209, Вотсап: +996 556 00 1209