Бишкекте жарым жылдын ичинде 970 трансформатор оңдолду
21 Июль 2025 ж.
Калкты туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо максатында «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплектүү иш-чараларды жүргүзөт. Бул иш-чараларга оңдоо, техникалык тейлөө, линияларды куруу жана реконструкциялоо иштери кирет.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 4 көмөк чордондун жабдуулары;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 174 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 22,43 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 92 км электр аба чубалгылары.
Ошондой эле, төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 33 көмөк чордондун жабдуулары;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 970 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 235 км электр аба чубалгылары;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 1228 км электр аба чубалгылары;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 562,4 км кабелдик аба чубалгылары.
Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 6 ай ичинде:
- 12 200 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
- 56 км электр аба чубалгылары СИП-зымдар менен алмаштырылды;
- 7,5 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
- 2,74 км электр аба чубалгылары СИП-зымдар мене тартылды;
- 2 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
- 9 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Белгилей кетсек, бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.