Бишкекте 12 айдын ичинде 1917 трансформатор оңдолду
29 Декабрь 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүү, алдыдагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана реформанын алкагында иштерди өз убагында аткаруу талабына ылайык, Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бул иш-чараларга оңдоо, техникалык тейлөө, линияларды куруу жана реконструкциялоо иштери кирет.
Жаңы энергетикалык объект:
Быйыл Бишкекте жаңы 110/10 кВ «Мурас» аттуу жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулуп, пайдаланууга берилди. Бул көмөк чордон төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:
* 40 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор;
* 110 кВ элегаз өчүргүчтөр;
* 110 кВ ажыраткычтар;
* 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттик бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН);
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 6 көмөк чордондун жабдуулары;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 336 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 26,7 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 148 км электр аба чубалгылары.
Ошондой эле төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 560 км электр аба чубалгылары;
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2175 км электр аба чубалгылары;
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик аба чубалгылары.
Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 12 ай ичинде:
• 2850 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
• 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 зымдар менен алмаштырылды;
• 31 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
• 32 км электр аба чубалгылары СИП-3 зымдар мене тартылды;
• 6 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
• 33 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Белгилей кетсек, бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн сиздер күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
105 (акысыз чалуу)
+996 772 001209
+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209