Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте 10 айдын ичинде 1144 трансформатор оңдолду

7 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүү, алдыдагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана реформанын алкагында иштерди өз убагында аткаруу талабына ылайык, Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бул иш-чараларга оңдоо, техникалык тейлөө, линияларды куруу жана реконструкциялоо иштери кирет.
2025-жылдын 10 айдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 5 көмөк чордондун жабдуулары;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 214 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 22,43 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 106,46 км электр аба чубалгылары.
Ошондой эле, төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 37 көмөк чордондун жабдуулары;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1144 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
• 220-110/35 кВ чыңалуудагы 411,6 км электр аба чубалгылары;
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 1381,6 км электр аба чубалгылары;
• 10–0,4 кВ чыңалуудагы 606,3 км кабелдик аба чубалгылары.
Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 10 ай ичинде:
• 17132 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
• 71,296 км электр аба чубалгылары СИП-зымдар менен алмаштырылды;
• 23,3 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
• 4,473 км электр аба чубалгылары СИП-3 зымдар мене тартылды;
• 3,590 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
• 29 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Белгилей кетсек, бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.