Колл - борбор: 105

Бишкекте трансформатордук көмөк чордондорду жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө

25 Май 2026 ж.

Алдыдагы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан өлкөнүн энергетикалык компанияларынын алдына бир катар маанилүү милдеттер коюлган. Бекитилген планга ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып борбор калаада масштабдуу даярдык иштери башталган.
Бишкек шаарынын энергетикалык системасын өнүктүрүү, электр тармактарын модернизациялоо жана калкты электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2026-жылы төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
• 38 кошумча трансформатор орнотуу;
• эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордонунун (КТП) шкафтарын заманбап ГКТП шкафтарына алмаштыруу;
• 278 темир-бетон мамысын орнотуу;
• кабелдик жана аба электр берүү линияларынын айрым тилкелерин реконструкциялоо;
• энергетикалык объектилерде профилактикалык иштерди жүргүзүү.
Жаңы трансформаторлор орнотулгандан кийин учурдагы электр тармактарындагы жүктөм азайып, чыңалуунун туруктуулугу жогорулап, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапаты жакшырат. Мындан тышкары, жаңы абоненттерди кошууга жана күз-кыш мезгилиндеги ашыкча жүктөмдөрдү кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Трансформаторлорду жаңылоо боюнча иштер төмөнкүдөй пландалган:
• Чыгыш РЭТ — 113 трансформаторду оңдоо жана 25 жаңы трансформатор орнотуу;
• Батыш РЭТ — 100 трансформаторду оңдоо жана 3 жаңы трансформатор орнотуу;
• Түндүк РЭТ — 85 трансформаторду оңдоо жана 10 жаңы трансформатор орнотуу.
Бүгүнкү күндө Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында 2248 трансформатор бар. Жыл аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн өтүп, зарыл болгон оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, РЭТтердин балансындагы көмөк чордондордо учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери аткарылууда. Ошондой эле электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында эскирген жабдуулар алмаштырылууда.
Пландалган бардык курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүлөт.
Бул иш-чаралар жаңы керектөөчүлөрдү кошууга, электр тармактарындагы жүктөмдү тең салмактоого, чыңалуунун туруктуулугун жогорулатууга жана электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, электр энергиясынын жоготууларын 80% чейин азайтуу жана электр менен камсыздоонун сапатын 90% чейин жакшыртуу күтүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Иш-чаралар «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы болгон Бишкек электр тармактар ишканасынын энергетиктери тарабынан этап-этабы менен ишке ашырылууда.