КРнын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана алгылыктуу иштердин алкагында тармакта жабдыктарды жаңылоого, калк жыш жайгашкан аймактарда көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Алсак, быйыл 2025-жылы Бишкек шаарында эле калк жыш жайгашкан, керектөөчүлөрдүн саны өскөн аймакта 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды.
Алар:
- 110/10 кВ "Көк-Жар" көмөк чордону - 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука;
- 110/10 кВ "Орто-Алыш" көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука;
- 110/10 кВ "Алтын-Казык" көмөк чордону - 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулука;
- 110/10 кВ "Берлик" көмөк чордону - 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Водоконал" көмөк чордону – 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВА кубаттуулука:
5 көмөк чордонго жалпы 146 МВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.
Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатат.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Бишкек шаардын жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.