Энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк РЭТинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Оңдоо иштеринин планына ылайык, энергетиктер 94 трансформаторду жана 43 чакырымдан ашык аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүшөт.
Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Түндүк РЭТи боюнча 29 чакырымдан ашык эскирген алюминий зымдары жаңы заманбап СИП-2 зымдарына алмаштырылат. Ошондой эле, 1142 м кабелдик чубалгылардын жана 679 м кабелдик чыкмалардын куруу иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары 28 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштыруу иштери пландаштырылган. Ал эми “Алга-Элим” жаӊы конушунда быйыл 1 кошумча трансформатор орнутулат.
Ошону менен бирге Түндүк РЭТинин кызматкерлери 8 даана шкаф ШТККЧ (шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон) жана 3 даана реклоузер орнотулат.
2025-жылы адистер 488 трансформаторду жана 857 чакырым аба чубалгыларын кезектеги оӊдоо иштеринен өткөрүшөт.
Бишкек электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштарынын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр ишкананын официалдуу сайтында www.bipes.nesk.kg жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемесине билдирүүлөр келет.