2024-2025-жж. күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 95% аяктады.
Кызматкерлер оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 41 чакырым 35/110/220 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүп, эскилиги жеткен жана жарактан чыккан 3543 даана изоляторлорду алмаштырышты.
Ошондой эле, пландалган 529 чакырым аба чубалгысында утурумдук оӊдоо иштерин өткөрүштү жана тепловизиондук текшерүүнүн негизинде аныкталган 8 дефектти жоюшту.
Белгилей кетсек, аба электр чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар электр берүү чубалгыларынын үзүлүшүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, 2024-жылдын планына ылайык, жогорку чыӊалуу тармактар кызматы тарабынан 1950 дөн ашык бактын бутактарын бутоо, 1.9 га аянттагы трассаны тазалоо жана 1145 кг темир бурчтарды ширетүү иштери жүргүзүлдү.