Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте “Ново-Южная” көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери жүрүп жатат

14 Март 2025 ж.

 

«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын көмөкчордон кызматынын адистери Бишкек шаарындагы Айыл чарба институтунун аймагында жайгашкан 110/35/10-6 кВ «Ново-Южная» көмөк чордонун жабдыктарын жаңылоодо.

Бул иштер капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планынын алкагында жүргүзүлүүдө жана керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Иштин жүрүшүндө көмөк чордонго вакуумдук өчүргүчтөрү бар 10 кВт чыңалуудагы заманбап тышкы бөлүштүргүч орнотулат - отко чыдамдуу, экологиялык жактан таза жана тейлөөгө олуттуу чыгымдарды талап кылбайт.

Бүгүнкү күндө көмөк чордондун тейлөө кызматкерлери жабдууларды андан ары орнотуу үчүн аянтты даярдап жатышат. Өз кезегинде, жергиликтүү изолятор, толкундан коргоо жана сыноо боюнча адистер изоляциялык мүнөздөмөлөрдү алуу үчүн электр жабдууларын текшерип, атайын аппаратты – мегаомметр менен  изоляциянын каршылыгын өлчөйт, ал эми жергиликтуу релелик коргоо жана автоматика кызматынын адистери жаны техниканын релелик корголушун текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилеп кетсек, аткарылып жаткан иштер калкты электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатат.

Маалымдама: Жогорку чыӊалуудагы 110/35/10-6 кВ «Ново-Южная» көмөкчордону 1962-жылы ишке киргизилген. Көмөк чордон Бишкек ш. Айыл чарба институтунун аймагында жайгашкан.