Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырып, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар долбоорлорду жүргүзүүдө.
Иш-чаралар электр энергиясына болгон тарифтик каражаттардын эсебинен каржыланып, эскирген энергетикалык объектилерди этап-этабы менен жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүүдө.
35/110/220 кВ көмөк чордондорунда быйыл 215 даана электр жабдуусун капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 3219 даана жабдууга техникалык тейлөө жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 581 даана жабдуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Аткарылып жаткан иштер көмөк чордондордун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, технологиялык бузулуулар менен авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин азайтууга, электр энергиясынын сапатын жакшыртууга жана жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле борбор калаадагы 9дан ашык көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашыруу электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты камсыздап, жаңы курулуштар үчүн кошумча кубаттуулук резервин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Тактап айтканда төмөнкү иштер аткарылууда:
• «Берлик» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылууда;
• «Батыш» 35/6 кВ көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылууда;
• «Тунгуч» 35/10 кВ көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 10 МВАга алмаштырылууда;
• «Кызыл-Аскер» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылууда;
• «Мурас» 110/10 кВ көмөк чордонунда 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулууда;
• «Ак-Кула» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулууда;
• «Ынтымак» 110/10 кВ көмөк чордонунда 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулууда;
• «Алтын-Казык» 110/10 кВ көмөк чордонунда 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулууда;
• «Кыргызская» 110/10 кВ көмөк чордонунда 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулууда.
Модернизациялоо иштеринин алкагында заманбап күч трансформаторлору, вакуумдук өчүргүчтөр жана 10 кВ КРУН уячалары орнотулууда. Мындан тышкары, 35 кВ класстагы 17 заманбап вакуумдук өчүргүчтү орнотуу каралган.
Мындан тышкары, эскирген ОДКЗ-35 жабдуулары заманбап вакуумдук блоктук өчүргүчтөргө алмаштырылууда. Алар жогорку ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана узак мөөнөттүү пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат.
Жүргүзүлүп жаткан техникалык тейлөө жана модернизациялоо иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүк деңгээлин 85 пайыздан 95 пайызга чейин жогорулатуу пландалууда. Бул авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтып, күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөмдөр учурунда электр тармагынын туруктуу иштешин камсыздайт.
«КУЭТ» ААКнын Бишкек электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда. Жумуштар апрель айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлүп, борбор калаанын энергетикалык тутумунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.