Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте 10 километрден ашык жаңы кабелдик линиялар тартылды

9 Декабрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында борбордо кабелдик тармактарды реконструкциялоо жана жаңы байланыштарды куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул — энергетикалык инфраструктураны жаңылоодо маанилүү кадам. Учурда 10 кмден ашык заманбап кабелдик линиялар тартылды, анын ичинде жүк түшүмү эң жогору болгон Дордой базарынын аймагы да камтылды. 10 кВ кубатындагы линияларды алмаштыруу иштери «Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө «Карагачевая» подстанциясынан ТП №1339га чейинки жаңы кабелдердин курулушу жүрүп жатат. Бул: • техникалык жоготууларды азайтууга, • тармактардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга, • заманбап энергия эффективдүүлүк талаптарына ылайык 10 кВ жумушчу чыңалуусуна өтүүгө шарт түзөт. Дордой базарынын аймагында жаңы кабелдик линияларды тартуу өзгөчө маанилүү, анткени бул жерде чоң соода жана кампалык зоналар жайгашкан. Модернизация иштери бул аймактагы керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздалышын кыйла туруктуу жана ишенимдүү кылат. Реконструкция учурунда сшитый полиэтиленден жасалган, жогорку ишенимдүүлүккө ээ заманбап кабелдер колдонулууда. Долбоордун алкагында 3×185 мм² жана 3×240 мм² кесимдеги кабелдер төшөлүүдө, бул электр камсыздоонун сапатын жана туруктуулугун кыйла арттырат. Долбоорду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) жана Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик секретариаты (SECO) каржылоодо. Долбоор үч жыл ичинде Бишкектеги 6/10 кВ кубатындагы 80 км кабелдик линияны реконструкциялоону карайт.