Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте жаңы кабелдик чубалгысы тартылууда

23 Сентябрь 2024 ж.

 

2024-жылга капиталдык курулуш планын ишке ашыруунун алкагында "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы Бишкек шаарынын Эркиндик бул./Боконбаев көч. 10 кВ чыңалуудагы жаңы кабелдик чубалгысын куруу иштерин жүргүзүүдө.  

Кабелдик чубалгылар кызматы траншеяны казып, кабелди тартуу иштерин аткарууда. Айта кетсек, жаңы кабелдин кесилиши 8*185 мм2, узундугу 750 м түзөт.  Курулуп жаткан кабелдик чубалгысы  "ж/д Вокзал" РПден  ТП №141ге чейин өтөт.

Белгилей кетсек, жаңы кабелдикчубалгысытемир жол бекети, Эркиндик/Боконбаев көч.жашаган керектөөчүлөрдүэлектр энергиясыменен камсыз кылат.

Жалпысынан 2024-жылга кабелдик чубалгылар кызматы 15 чакырымдан ашык кабелдик чубалгыларды куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерин жүргүзөт.