2024-жылга капиталдык курулуш планын ишке ашыруунун алкагында "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы 35/10/6 кВ кабелдик чубалгыларын реконструкциялоодо.
Алсак, Бишкек электр тармактар ишканасынын кабелдик чубалгыларынын кызматы тарабынан 6 кВ кабелдик чубалгыны алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, анын узундугу 389 м.
Жаңы АПвБП 3*185 маркасындагы кабель өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен, керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жакшыртат.