Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте 336 трансформаторлор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

27 Январь 2025 ж.

 

"КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы өз керектөөчүлөрүн ишенимдүү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн 48 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзөт, "Орто-Алыш", "Көк-Жар", "Кыргызская" көмөк чордондорунда  3 даана кубаттуулугу 25 МВА күч трансформаторлорун кубаттуулугу 40 МВА болгон күч трансформаторлоруна алмаштырышат.

 Ошондой эле, Бишкек электр тармактар ишканасы 3063,5 км 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдойт, 336 трансформаторлорду капиталдык оңдоодон өткөрөт жана 1917 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондорду кезектеги оңдоодон өткөрөт.

 Мындан тышкары 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 6,14 км кабелдик чубалгыларын реконструкциялоо жана 35,8 км эскирген алюминий аба чубалгыларын СИП-зымдарына алмаштыруу иштери пландалууда.