Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда

20 Март 2025 ж.

 

Энергетика тармагынсанариптештирүүнүналкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "КУЭТ" ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы 2025-жылы 28 000 АИСКУЭ "акылдуу" эсептегичтерди (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотууну пландаштырган.

Бүгүнкүкүндө, Нижняя Ала-Арча айылында  акылдуу эсептегичтерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.Нижняя Ала-Арча айылынын  тургундары энергетиктерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен керектөөчүлөрдү тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу,  керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүү менен кийин күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.